Олимпиада чемпиону Роман Власов: Кыргызстан менин жашоомду өзгөрткөн

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүГрек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону, россиялык балбан Роман Власов. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону, россиялык балбан Роман Власов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык балбан Ысык-Көлдөгү унутулгус окуу-машыгууну эскерип, анын чоң спорттогу жолунда Кыргызстандын өзүнчө орду бар экенин белгилеген.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону, россиялык балбан Роман Власов Кыргызстанга келгенин эскерди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Балбан ушул күндөрү РФтин Кабардин-Балкар Республикасынын тоолорунда окуу-машыгуудан өтүп жүрөт. Мындан улам ал 18 жыл мурда Кыргызстанга келген күндөрүн, Ысык-Көлдөгү унутулгус окуу-машыгууну эскерип, анын чоң спорттогу жолунда Кыргызстандын өзүнчө орду бар экенин белгилеген.

"Дагы тоолор… Кыргызстан. Ысык-Көл, 2002-жыл. Үч апталык талыкпаган машыгуу. Мен чарчоону сезген эмесмин. Көлгө бир чумкуп алган соң кайра машыгууга даяр болом. Кайталангыс жер... Дагы келем... баарын эстейм", — деген спортчу.

Жоламан Шаршенбеков UWW даңазалаган сальтосунун чоо-жайын айтты. Видео

Власов дагы бир эскерүүсүндө Кыргызстандагы тамак-аш, табигый таза мөмө-жемиш тууралуу кеп салган.

"Мен лагман тамагын өмүрүмдө биринчи жолу Кыргызстанда ооз тийдим. Ал эми өрүктү өсүп турган шагынан үзүп алып жегем. Чексиз бактылуу элем. Бул жер мага эмне деген күч-кубат тартуулады... Үч айдан кийин мен өмүрүмдөгү эң алгачкы жеңишим, "Карелиндин байгеси" мелдешин утуп алгам... Бул менин жашоомду өзгөрттү... Мен улуттук курама командага алынгам", — деп эскерет балбан.

Балбан ушул күндөрү РФтин Кабардин-Балкар Республикасынын тоолорунда окуу-машыгуу өткөрүп жүргөнүн белгилейт. Мындан улам ал 18 жыл мурда Кыргызстанга келген күндөрүн эстеген.

30 жаштагы Роман Власов ошондой эле эки жолу дүйнө, төрт ирет Европа чемпионатын уткан. Ал 77 килограмм салмак категориясында күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0