Конор Макгрегор атактуу болгондон кийин "жинди жашоого" өткөн

© REUTERS / Steve Marcus / File PhotoUFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор. Архив
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-чемпион Франциянын Корсика аралында адепсиз жоругу үчүн камакка алынып, 48 сааттан соң кайра бошотулган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт экс-чемпион Конор Макгрегордун камакка алынган окуясын "жинди жашоо" деп сыпаттады. Бул тууралуу ал ESPN маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Ишембиде ирландиялык мушкер Франциянын Корсика аралында адепсиз жоругу үчүн камакка алынып, 48 сааттан соң кайра бошотулганы кабарланган.

"Мен Конор менен байланышкан жокмун. Бул боюнча окуяны интернеттен окудум. Ал менин жардамыма, кеңешиме муктаж эмес деп ойлойм. Мен аны жактабайм. Макгрегор атак-даңкка жеткенден кийинки турмушу жинди жашоого айланды. Мындай учурда албетте акылга сыйбаган жоруктар болуп кетиши мүмкүн", — деген Уайт.

UFC башчысы жакында дарга асылган ирандык балбанды эскерди

Июнь айында Макгрегор үчүнчү ирет спорттук карьерасын жыйынтыктаарын айткан. Буга чейин ал 2019-жылдын март айында спорттон кеткенин айтып, кийинчерээк, 2020-жылдын январь айында кайра октагонго чыгып, Дональд Серронени нокаут менен уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0