Атаандашын оодара тээп, нокаутка түшүргөн мушкер UFC уюмуна чакырылды. Видео

© AP Photo / Jeff ChiuUFC 73 в Калифорнии
UFC 73 в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда өткөн тандоо мелдешинде Тафон Нчукви жана Эл Матавао ортосундагы беттеш керемет нокаут менен жыйынтыкталган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Камерундук ММА мушкери Нчукви атаандашын бут менен кулата тепкен соккусу үчүн UFC уюму менен келишим түздү. Бул окуя АКШнын Лас-Вегас шаарында Dana White's Contender Series мелдешинде болгонун РИА Новости жазды.

​Аталган мелдеште мыкты мушкерлер тандалып, жеңүүчүлөр UFC уюму менен келишим түзүү укугуна ээ болушат.

Кечеде камерундук Тафон Нчукви менен америкалык Эл Матавао ортосундагы беттеш керемет нокаут менен жыйынтыкталган.

Экинчи раундда Нчукви буту менен тепкен кубаттуу соккусу атаандаштын башына даана тийип, Матавао эстен танып канваска кулаган. Калыс камерундук мушкерди жеңүүчү деп жарыялаган.

Кыргызстандык мушкерлер Хабибдин атасына арналган турнирге катышты. Видео

Ал арада The Sun маалымат булагы UFC президенти Дана Уайт бул көрүнүштөн соң мушкерге эң мыкты промоушен менен келишим түзүүгө чакырганын жазган.

"Бул бала мага Майк Тайсонду эске салды. Мунун төрт беттештеги төрт жеңиши, болгондо да баарын нокаут менен утканы мени аябай кызыктырды. Буга чейинки беттештерин көргөн эмесмин, бирок төртүнчүсү оор нокаут болду", — деген Уайт.

Da Don каймана аты бар 26 жаштагы камерундук мушкер ММА мелдештеринде дебютун 2019-жылдын март айында жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0