КР мушкерлери Хабибдин атасынын элесине арналган турнирге катышат. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүUFC Fight Night в Москве
UFC Fight Night в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чара бүгүн кечинде өтөт. Россиядан чыккан UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов кеченин ардактуу коногу болмокчу.

БИШКЕК, 9-cен. — Sputnik. Үч кыргызстандык мушкер Москвада машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедовдун элесине арналып өтө турчу аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын "ВКонтакте" тармагындагы баракчасында жарыяланды.

Турнир 9-сентябрда Ирина Винер-Усманованын көркөм гимнастика сарайында өтөт. Мелдешти Fight Nights Global жана GFC уюмдары биргеликте уюштуруп жатат.

Хабиб Нурмагомедов мындай турнирди атасы тирүү кезинде өткөрүүнү ниеттенгенин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалаган. 

Таймашка өлкө атынан Абдурасул уулу Нурсултан, Орозбек Имамали уулу жана Султан Жолдошбеков катышып, россиялык, казакстандык жана армениялык спортчулар менен күч сынашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от FIGHT NIGHTS GLOBAL - ММА (@fightnights)

Кеченин башкы беттешинде Fight Nights Global уюмунун чемпиондук куру үчүн Даурен Ермеков менен Владимир Минеев кармашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от FIGHT NIGHTS GLOBAL - ММА (@fightnights)

Хабиб Нурмагомедов өзү кеченин ардактуу коногу болмокчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Маалыматка ылайык, турнирди көрүүгө эл келет, залдын 50 пайызы толмокчу. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 21.00дө башталат.

Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда коронавирус илдети өтүшүп кетип, 58 жашында ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Дагестандын Кизилюрт районундагы өзүнүн Кироваул айылына коюлган

Жаңылыктар түрмөгү
0