UFC: россиялык мушкер Петр Ян Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

© Фото / Getty Images/UFC / Медиабанкка өтүүПётр Ян стал чемпионом UFC в легчайшем весе
Пётр Ян стал чемпионом UFC в легчайшем весе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор ММА спортунда 26 беттешке чыгып, 22 атаандашын уткан. Ян 15 беттештин 14үн жеңип, бир жолу жеңилген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Петр Ян өзүнүн Instagram-аккаунту аркылуу ирландиялык спортчу Конор Макгрегорго чакырык таштады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петр "No Mercy" Ян (@petr_yan)

Россиялык спортчу "Вечерний Ургант" телешоу программасындагы фрагментти жайгаштырган. Видеодо мушкер узун бойлуу теле алып баруучу Иван Ургантты башка тепкени тартылган.

"Кечки Ян. Конор Макгрегор, сен кийинки болосуң", — деп спортчу билдирүү калтырган.

Ирландиялык мушкер UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмактагы экс-чемпиону болуп саналат. Июнь айында ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын айткан. Деген менен ал азыр да промоушендин мыкты мушкерлеринин катарында жазылып келет.

Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

Макгрегор ММА спортунда 26 беттешке чыгып, 22 атаандашын уткан. Ян 15 беттештин 14үн жеңип, бир жолу жеңилген.

Россиялык мушкер Петр Ян UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде бир сапка жогорулап, 11-катарга чыкты. Ал эми Конор Макгрегор 10-катарда.

Жаңылыктар түрмөгү
0