Кетем деп чуу түшүргөн Месси "Барселонада" калмай болду. Чоо-жайы

© REUTERS / POOLЛионель Месси. Архив
Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууда жаралган татаал жагдайлардан улам ушундай вариант каралып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Лионель Месси "Барселона" клубунда калып, келишиминин аягына чейин ойноо жагын караштырып жатат. Бул маалыматты футболчунун атасы Хорхе Mundo Deportivo маалымат булагына тастыктаганын РИА Новости жазды.

Аргентиналык футболчу менен каталондук клубдун ортосундагы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн.

Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында uерманиялык "Бавария" клубунан ири эсепте утулуп, мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алганын жар салган. Өткөн апталарда Лионель Месси каталондук клубдан кетүү чечимин кабыл алганы айтылган. Кийинчерээк бул маалыматты клуб да тастыктаган. Аргентиналык футболчунун "Манчестер Сити" клубуна өтүү ниети бар экенин ЖМКлар жазды. Чабуулчуга ошондой эле франциялык "Пари Сен-Жермен" жана италиялык "Ювентус" кызыкдарлыгын билдирген.

Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

Уулунун кызыкчылыгын жактап жаткан Хорхе Месси кечээ "Барселона" клубунун жетекчилиги менен жолуккан. Маалыматка ылайык, футболчу быйылкы сезондо командада калып, келишими аяктаган соң башка клубга өтүү маселесин караштырып жатканын атасы ырастаган. Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууда жаралган татаал жагдайлардан улам ушундай вариант каралып жатканы айтылат.

Азыркы тапта Лионель Месси башкы машыктыруучу Рональд Кумандын жетекчилиги астында өтүп жаткан машыгууларга катыша элек. Футболчу, мындан тышкары, жалпы команда коронавируска каршы өткөн тестке да келген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0