"Жети-Өгүз" командасы кум үстүндөгү футбол мелдешинин чемпиону болду

© Фото / пресс-служба ФФКРФинал Кубка КР по пляжному футболу
Финал Кубка КР по пляжному футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кум үстүндөгү футбол боюнча мелдеш 27-августта башталып, өлкө боюнча жалпысынан 8 команда ат салышкан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Жети-Өгүз" командасы КГАФКиС командасын утуп, кум үстүндөгү футбол боюнча өлкөнүн кубогу үчүн мелдештин чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун (КФС) маалымат кызматы кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ассоциация футзала КР 🇰🇬 (@futsal_kgz)

"Жети-Өгүз" командасы ушуну менен үчүнчү ирет аталган турнирдин чемпиону болду.

"Ысык-Көлдүн Тосор айылында бүгүн, 30-августта, өткөн финалдык беттеште "Жети-Өгүз" командасы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын КГАФКиС командасын 5:3 эсебинде утуп алды. Коло байге үчүн Нарындын "Теңир-Тоо" командасы менен жергиликтүү "Тосор" тобу күч сынашты. Беттеш 7:4 эсебинде теңиртоолуктардын пайдасына жыйынтыкталып, байгелүү орунга илинди", — деп айтылат билдирүүдө.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

Кум үстүндөгү футбол боюнча мелдеш 27-августта башталып, анда өлкө аймагынан жалпысынан 8 команда ат салышкан.

Мелдеш Кыргызстандын футбол союзунун демилгеси менен 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Маалымат кызматынан кошумчалагандай, тайпалардан тандалып куралган Кыргызстандын улуттук командасы Ысык-Көлдө калып, эл аралык мелдешке даярдык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0