Спорт комитетинин аткаминерлери пара сураса кайда кайрылуу керек? Телефондор

© Sputnik / Жоомарт УраимовИскоренение коррупции в КР
Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт комитети өлкөнүн спорт тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшө турганын жар салып, ал үчүн кыргызстандыктардан жардам сурады.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кыргызстандыктарды коррупция боюнча фактылар катталса, кабарлап коюуну өтүндү.

Мекеменин маалымат кызматы мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорт уюмдарынын кызматкерлери жана аткаминерлери акча сураган учурда кайда кайрылуу керектигин айтып, ишенимдүү телефондорун жарыялады.

Телефон номерлери: (0312) 32-45-12, (0555) 88-92-04.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Спорт комитети өлкөнүн спорт тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0