Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Трансфердин суммасы, футболчунун ала турган маянасы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футзал курама командасынын дарбазачысы Бекболот Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү. Бул тууралуу маалыматты россиялык клуб өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от МФК "Волгарь" Астрахань (@volgar_mfc)

"Улуттук чемпионатта Акматалиев символикалуу курамдын "Башкы бештигине" кирген. Мелдештин жүрүшүндө ал мыкты натыйжа жана туруктуу оюн көрсөткөн. Дарбазасын жакшы тосуу менен эле чектелбей, оюнчуларга пас берип, чабуулду уюштурууга көмөктөшкөн. Мындан сырткары, ал пас берип ойногон, гол киргизген дарбазачы (Акматалиев чемпионатта 4 гол киргизген) болгону менен баалуу", — деп айтылат россиялык команданын билдирүүсүндө.

Бекболот Акматалиевдин "Волгарь" клубуна өткөнүн дарбазачы ойногон EREM клубунун башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. Анын айтымында, Россия футзалдан дүйнөдөгү алдыңкы командалардан болуп саналгандыктан, спортчунун өсүүсүнө жакшы шарт болот.

"Барселона" Лионель Месси клубдан кетүүгө камынып жатканын ырастады

"Бекболот биздин командада бир сезон толугу менен негизги дарбазачы болуп ойноду. Деңгээли жогорулады. Россиялык клубдан сунуш түшүп, ошол жакка өткөнгө уруксат берүүнү өтүндү. Жакында Азия чемпионатында ойномокпуз. Бекболот бизге аябай керектүү оюнчу болчу. Ошого карабастан анын каалоосуна макулдук бердик. Чет жактардан тажрыйба алган футболчулар Кыргызстандын футзалын өстүрөт. Бул жакшы көрүнүш", — деди ал.

Келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Трансфердин суммасы, футболчунун ала турган маянасы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

Бекболот Акматалиев Кыргызстандын улуттук командасынын курамында 13 беттешке чыккан. Ал эми EREM клубу менен быйыл Кыргызстандын чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0