Валентина Шевченкого бразилиялык кыздын алы жетеби? Букмекерлердин пикири

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан белгилүү мушкер Валентина Шевченко 21-ноябрда UFC 255 турниринин алкагында бразилиялык Женнифер Майя менен кармашат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Букмекерлердин баамында, кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттеше турчу бразилиялык Женнифер Майянын жеңишти камсыздоого мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.

Майя менен Шевченко UFC 255 турниринин алкагында 21-ноябрда (Бишкек убактысы боюнча 22-ноябрда) кармашат. Мелдештин өтө турчу жери айтыла элек. Анда кыргызстандык спортчу жеңилирээк салмактагылар арасында чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргомокчу.

"Марафонбет" букмекердик конторасы мындай коэффициенттерди койгон: кыргызстандык спортчунун жеңиши үчүн — 1,068, бразилиялык мушкер үчүн — 9. Ал эми Favbet конторасында коэффициенттер бир аз айырмаланат:  1,08 жана 9,5.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Буга чейин Валентина катыша турчу турнирде анын эжеси Антонина Шевченко дагы күч сынашары айтылган. Анын атаандашы бразилиялык спортчу Ариана Липски болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0