Гүлжигит Алыкулов Европа мелдешинде ойногон кыргызстандык үчүнчү футболчу болот

© Фото / пресс-служба ФФКРПолузащитник сборной Кыргызстана по футболу Гулжигит Алыкулов
Полузащитник сборной Кыргызстана по футболу Гулжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы этаптарында ойногон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу, учурда Казакстандын "Кайрат" клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kyrgyz Football Union / FFKR (@kfu_kg)

Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.

"Бавария" "Лионду" утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

"Байматов 2009-жылы Латвиянын "Вентспилс" клубунун курамында, ал эми Мака Кум 2010-жылы Молдованын "Дачия" клубунун курамында Европа мелдештеринде ойногон", — деп айтылат маалыматта.

Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, "Кайрат" 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын "Ноа" клубу менен кездешет

Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу үч тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0