Нурмагомедов: Гэтжиден кийин Макгрегор менен кармашууга даярмын

© AFP / Harry HowТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди реванш-беттешке чакырып келген. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Москвадагы маалымат жыйынында америкалык Жастин Гэтжиден кийин ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Ал эми Макгрегорду мындан эки жыл мурун Лас-Вегастагы турнирде уткан. Беттештин аягы ызы-чуу менен коштолуп, эки тараптын командасы массалык уруш чыгарган. Окуядан кийин Нурмагомедов беттештерден четтетилип, ири көлөмдөгү айыпка жыгылган.

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

"Гэтжиден соң ким менен болсо да кармашканга даярмын. Ал Тониби (Фергюсон) же Конорбу (Макгрегор), айырмасы жок", — деген спортчу.

2018-жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди бир нече ирет реванш-беттешке чакырып, UFC президенди Дана Уайт дагы аны уюштурууга кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0