Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРоссиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов
Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабиб өзүн ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратканын белгилеген. Ошондой эле келечекте машыктыруучулук менен чектелбей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо ою болгонун моюндады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчу азыр чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алууга даярдык көрүп жатканын белгилеген. Эске салсак, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашат.

"Ар кандай ойлор келет, азыр деле карьераны жыйынтыктоо тууралуу ойлоном. Бирок учурда алдыдагы беттешке даярданып жатам, узакка план койгон жокмун. Сентябрда 32ге чыгам, жаш спортчу эмесмин. Акырындан ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратам. Сегиз жылдан бери UFC октагонуна чыгып келем. Эртерээк беттештерге кайтып, деги эле бир нерсе менен алек болгум келип жатат", — деген Хабиб.

Менеджер: Хабиб карайлап турат, бирок быйыл Гэтжи менен беттешет

Мындан тышкары, ага "саясатка барасызбы?" деген суроо узатылган. Мушкер спорттогу ишин аягына чыгара электигин жана креслосу жок эле элге жардам берсе болорун айткан.

Бирок ошол эле учурда өзүн келечекте машыктыруучулук менен чектебей турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0