Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

© REUTERS / Massimo PincaНападающий Ювентуса Криштиану Роналду
Нападающий Ювентуса Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчунун агенти бир катар клубдарга байланышып, Роналдуну командаларына алууга каалоосун сураган. Арасында Барселонага да кайрылган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Туриндик "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун агенти Жорже Мендеш бир катар алдыңкы клубдарга футболчунун кызматын сунуштаган. Бул тууралуу sport.es маалымат булагы журналист Гильем Балагеге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.

Топ клубдардын арасында Роналдунун эзелки атаандашы Месси ойногон каталондук "Барселона", Франциянын "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) жана бир катар түштүк америкалык клубдар бар.

Балаге Би-Би-Си радиосунун түз эфири учурунда Мендеш бир катар клубдар менен байланышка чыгып, келерки жылы Роналду менен келишим түзүүгө каалоосунун бар-жогун сураган. Анткени португалиялык футболчу чакыруу болсо башка клубда ойноо ниети бар экенин билдирген.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

Журналисттин айтымында, беш жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээси, 35 жаштагы футболчу үчүн жаңы клуб издөөдөгү башкы көйгөй анын жылына алчу 23 миллион доллар маянасы болууда.

"Азыркы учурда футболчу үчүн мындай көлөмдөгү айлыкты төлөй турган клуб табылар-табылбасы белгисиз", — деди Балаге.

Роналду 2003-2009-жылдары Англиянын "Манчестер Юнайтед", 2009-2018-жылдары мадриддик "Реал" клубдарында ойногон. 2018-жылдан азыркы күнгө чейин Италиянын "Ювентус" командасынын намысын коргоп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0