Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ спортундагы эң беделдүү UFC уюмунда күчүн сынаган Физиев эми дагы төрт беттеш өткөрө алат. Андан кийинки турнирлерге катышуусу рейтингинен көз каранды деп эсептелинет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) менен келишимин узартты. Бул сүйүнүчтүү кабары менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Контракт боюнча Физиев уюмдун алкагында төрт беттеш өткөрөт.

"UFC уюму менен жаңы келишим түзгөнүмө кубанып турам. Жакшы бир шарттар менен төрт беттеш өткөрөм. Менин менеджерлик командама ыраазычылыгымды билдирем", — деген Физиев.

Рафаэль Физиевге UFC канча гонорар төлөп берери белгилүү болду

Белгилей кетсек, промоутерлик компания спортчу бир нече кармаш өткөргөн сайын анын келишимин узартууну же токтотууну карап чыгат. Бул мушкердин жеңиштерди камсыздап, өз рейтингине кам көргөнүнө жараша болот. 

Эске салсак, Физиевдин соңку кармашы 19-июлда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өтүп, анда англиялык Марк Диакезини жеңип алган.

Рафаэль жалпысынан UFC уюмунда үч кармаш өткөргөн. Биринчисинде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин бразилиялык Алекс Уайтты утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0