Океанга чөктүрөм. Хабиб атаандашы Гэтжиге "тап берди"

© REUTERS / Christopher PikeUFC уюмунда жеңил салмактын учурдагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов
UFC уюмунда жеңил салмактын учурдагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жастин Гэтжи буга карата азырынча жооп кайтара элек. Деген менен буга чейин россиялык мушкер менен болуучу беттеш анын тагдырын аныктоочу сыноо болорун айтып, татыктуу кармаш көрсөтүүнү убада кылганы бар.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. UFC уюмунда жеңил салмактын учурдагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жакынкы атаандашы Жастин Гэтжинин машыгып жаткан видеосуна комментарий жазып, ага сөз менен "тап берди".

Машыгуу учурундагы видеону журналист Жо Роган Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Joe Rogan (@joerogan)

Видеодо Жастин Гэтжи машыктыруучусу менен соккуларын көнүктүрүп жатканын көрүүгө болот.

"Жастин мыкты адам жана мен үчүн жакшы атаандаш. Бирок экөөбүз октагондун торуна киргенде, ал бокстан башка таймашка да даяр болушу керек, анткени мен Дастин же Тони эмесмин. Мен аны океандын терең түбүнө тартып, чөктүрүп жиберем", — деп жазган Хабиб.

Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты

Жастин Гэтжи буга карата азырынча жооп кайтара элек. Деген менен буга чейин россиялык мушкер менен болуучу беттеш анын тагдырын аныктоочу сыноо болорун айтып, татыктуу кармаш көрсөтүүнү убада кылган жери бар.

Эске сала кетсек, учурдагы чемпион Нурмагомедов менен убактылуу чемпион Гэтжинин беттеши 24-октябрга пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0