54 жаштагы Тайсон машыгууда укмуштуудай реакциясын көрсөттү. Видео

© AP Photo / Greg Allen / InvisionБывший чемпион по боксу в супертяжелом весе Майк Тайсон
Бывший чемпион по боксу в супертяжелом весе Майк Тайсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайсон буга чейин бир канча кайрымдуулук беттештерин өткөрүүгө ниеттенип жүргөнүн билдирген. Мушкер дагы бир дүйнө чемпиону Рой Жонс менен рингге чыгары айтылууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кесипкөй бокстун мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон 54 жашка чыкканына карабай, дагы деле укмуштуудай реакциясы бар экенин көрсөттү. Ал машыгуудагы видеоcун Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mike Tyson (@miketyson)

Тайсон буга чейин бир канча кайрымдуулук беттештерин өткөрүүгө ниеттенип жүргөнүн билдирген. Мушкер акыркы жолу 2005-жылы расмий беттешке чыкканы маалым.

"Темир Тайсон" каймана атка конгон мушкер дагы бир кесипкөй бокстун чебери, дүйнө чемпиону Рой Жонс менен рингге чыгары белгилүү болду.

Майк Тайсон футболкасын айрып, массалык мушташка себепчи болду. Шоудагы видео

Тайсон бир нече жыл бою бокстун WBA, WBC жана IBF версиялары боюнча чемпиону болду. 1986-жылы ал канадалык Тревор Бербик менен кездешип, экинчи раундда эсин оодара чаап, эң жаш дүйнө чемпиону болгон.

54 жаштагы Майк карьерасында 58 мелдеш өткөрүп, элүү ирет жеңүүчү болгон. Анын ичинен 44 атаандашын нокаутка сулаткан. Алты ирет жеңилип, эки мелдеши болбой калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0