Күлүктөр, Ысык-Көл, "Арашан". Кыргыз ССРи Олимпиада-80дин конокторун таң калтырганда

© Sputnik / Александр Макаров / Медиабанкка өтүүОлимпиада-80дин ачылыш аземи. Архив
Олимпиада-80дин ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССРде өткөн олимпиадалык оюндар бүткүл союздук мүнөздөгү иш-чарага айланган. Мелдештер 5 шаарда өткөн.

Аларды тигил же бул деңгээлде өткөрүү жана даярдыкты бардык союздук республикалардын ишканалары, колхоздору жана адистери камсыз кылган. Ири спорттук таймаштарды уюштурууга кимдер жана кантип көмөкчү болгонуна Sputnik агенттиги сереп салды.

Sputnik, Анна Желиховская, Дмитрий Матвеев, Лев Рыжков

Толук кандуу олимпиадалык калаалар

Олимпиада-80дин өзгөчөлүгү Москва мелдештерди союздук башка шаарлар менен да "бөлүшкөнүндө". Эстон ССРинин борбору Таллиннде жел кайык жарышы, ал эми футболдук таймаш Украина ССРинин баш калаасы Киевде, Минскиде (Белоруссия ССРи) жана Ленинградда (РСФСР) өткөн.

СССР Олимпиадалык комитетинин президиумунун мүчөсү Андрей Кислов Sputnik агенттигине мелдештерди союздук республикаларда өткөрүү чечими кантип кабыл алынганын айтып берди.

"Досторубуздун көңүлүн оорутпоого, болушунча республикаларды да бул ишке тартууга тийиш элек, — деп эскерет ал. — Биз, уюштуруу комитети, аларды бул ишке Эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежелерин бузбагыдай кошуу жолдорун ойлонуштурдук. Бир нече калааны толук олимпиадалык калаага айлантуу биздин чоң эмгегибиз эле".

Эч унутпайм. Олимпиада-80де котормочу болгон Бишкектин кулуну Алмас Чукиндин маеги

Эл аралык олимпиадалык комитеттин уруксаты менен олимп отун Москвадан төрт шаарга: Ленинград, Киев, Минск жана Таллиннге да алпарышкан.

"Ар бир шаар өзүнө бөлүнгөн мелдешти жогорку деңгээлде өткөргөн, эч кандай көйгөй жаралган эмес. Маселен, сиз Олимпиадалык оюндардын тушундагы кандайдыр ири жаңжалды эстейсизби? Андай нерсе болгон эмес", — деди Кислов.

Олимпиадалык объектилер Москвада гана эмес союздук республикалардын үч борбор калаасында да курулган. Шаарлардын инфраструктурасы заманбапташтырылган.

"Футболдук мелдештер өткөрүлгөн Киевде Олимпиада башталганга чейин стадион жана үч жаңы мейманкана, ресторан жана кафелер курулган. Минскиде "Динамо" стадиону заманбапташтырылган. Таллинде спорттук делегацияларды тосуу үчүн Олимпиадалык кыштак жасалып, мейманкана, деңиз бекети, эл аралык аэровокзал, телемунара жана спорттук-оюн коюлуучу зал курулган. Атайын жел кайык борборун шаар менен байланыштыруу үчүн жаңы автомагистраль салынган", — дейт тарыхчы Елена Истягина-Елисеева.

Таллин Ригадан озуп кеткен

Эмнеге жел кайык жарышы үчүн дал Таллин тандалган эле? Андрей Кисловдун эскерүүсүнө таянсак, дагы башка варианттар каралган.

Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу

"Жел кайык спорту боюнча республикалар арасында тандоо жүргөн. Сочи, Рига, Таллин, Ленинград варианттары да бар эле. Мисалы, мен Ленинградга берилишин колдогом. Бирок жел кайык жарышын өткөрүүгө биринчи талапкер катары Риганы карашкан. XXI Олимпиадалык оюндарга үмүт артып жатканыбызда эле (ал канадалык Монреалга буюрган) Рига вариантына артыкчылык берилген", — деди Кислов.

Акыры советтик Эстониянын борбор шаары олимпиадалык жарышта Латвия ССРинин борбор шаарынан озуп чыккан.

"Риганын жетекчилиги Таллин сымал ынтызарлыгын көрсөткөн эмес. Ал эми Таллиндин калаа башчысы буга себеп болгон, энергиясы ашып-ташып турган адам эле. Айтканың айтканыңдай аткарылып калчу. Анын дилгирлиги менен калаасына чоң пайда келтирген. Таллин эбегейсиз дивиденддерге ээ болгон. Анткени республика тизмеге киргизилсе, атак-даңктан тышкары, каржыланган, өз ресурстарын ССРдин керектөөсүнө жумшай алган", — деп айтып берди Кислов.

Ал тургай Эстониянын өзүнүн олимпиадалык символикасы болгон. Жел кайык спорту үчүн өзгөчө, эстондук олимпиадалык тумар катары Вигри аттуу бала тюлень кабыл алынган.

Үч өлкө, эки республика

Дагы бир олимпиадалык маанилүү иш-чара Олимпиадалык от эстафетасы болгон. Ага түздөн-түз союздук республикалар катышкан.

"Маршрут Украина менен Молдавиянын аймагы аркылуу өтүп, Кишинев, Черновцы, Хмельницкий, Винница, Житомир, Киев, Полтава, Харьков өңдүү шаарларды камтыган. Ошондой эле бул калктуу пункттарга Москвага бет алган чет элдик туристтер да токтоп өтөрү болжонгон. Мындан улам алардын инфраструктурасы заманга бапташтырылып, сырткы көрүнүшү жакшыртылган", — дейт тарыхчы Елена Истягина-Елисеева.

Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

Ошентип эстафетанын багытына камтылган шаарларда мейманкана, кемпинг, ресторандар курулуп, кайра оңдолуп жана улуттук стилде жасалгаланган. Андрей Кисловдун айтымында, отту көтөрүүгө талапкерлер атайын комиссия менен тандалган. Көрүнгөн эле кишилер же жетекчилердин тааныштары, тааныш-билиштик деген варианттардын баары четке кагылган.

"Биз жөө күлүктөрдү борбордон алып келген эмеспиз, республика өзү тандаган. Бирок анын дагы тааныш-билиштик менен же татыксыздарды чыгарууга акысы жок болчу. Жөө күлүккө бул вазыйпа үчүн берилген жабдуунун баары ага белекке калган. Эң башкысы, олимпиадалык факел. Япониялык өндүрүштөгү кийим кийген. Формага өндүрүүчүлөр көп каражат жумшаган", — деп эскерет Кислов.

Олимпиадалык оттун болочок багытынын алгачкы тест-драйвы эстафетадан туура бир жыл мурун машиналарда өткөрүлгөн.

"Эстафетага бир жыл калганда биз машина менен шаарларды араладык, жол боюна нан менен тузун көтөрүп эл топтолуп калат, — деп эскерет Андрей Кислов. — Токтоого туура келет. Жарым күн күткөндөр болот! Демек, алардын көңүлүн суутпай, токтоп, даам сызып, тост айтып кетүү абзел. Жолго чыгабыз, 10-15 чакырым өткөндөн кийин кайрадан топтолгон эл чыгат. Кайра токтойбуз, анткени бул болочок Олимпиадалык оттун делегациясы экени жарыяланат. Бардык республикаларда ушундай көрүнүш болгон. Баарынын аракетине жогору баа бериш керек. Муну расмий белгилегим келет. Үзгүлтүккө учураган нерсе болгон эмес. Айрым учурда республикаларды ооздуктоого да туура келген". Бир жыл өтпөй ошол эле жагдай кайра кайталанган. Олимпиадалык оттун багыты боюнча миңдеген, кээде он миңдеген эл жол боюна тизилип күтүп алган.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Анар менен "таанышуу"

1980-жылдардагы Олимпиада оюндарда эч бир союздук республика четте калган эмес. Советтер Союзуна кирген республикалардан мелдештерди өткөрүүгө судьялар да катышкан. Бардык союздук республикалар олимпиадалык символика менен азем эстеликтерди чыгарган.

Ошондой эле Олимпиада жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн да өндүрүмүн таанытууга чоң мүмкүнчүлүк болгон. Тиричилик буюмдары же кийим жаатында советтик өндүрүшчү төш кага албаса да, азык-түлүк өндүрүшчүлөрү үчүн жагдай такыр башка эле.

1980-жылдын июль айында Душанбеден Москвага поезд чыгат. Бүтүндөй бир вагонго мөмө-жемиш жүктөлөт.

"СССРдин Айыл чарба министрлигинен буюртма түшкөн. Олимпиадалык оюндардын баш калаасына тажик жергесинен мөмө-жемиштин мыктысын жеткирүү керек эле, — деп эскерет Тажикстан Илимдер академиясынын Ботаникалык бакчасынын башкы бухгалтери Алишер Саидов. — Менин мурдагы жетекчим Хикматулло Буриев республикалык Айыл чарба министрлигинде аткаминер эле. Ал буюртманын аткарылышын жеке көзөмөлдөгөн. Москвага жүзүмдүн 28 сортун жеткиришкен. Республиканын колхоз жана совхоздорунда өстүрүлгөн эң мыктылары эле".

Жүктү учак менен деле жеткирүүгө болмок, бирок Буриев дал вагонго жүктөөнү туура көрдү. Вагон муздаткыч менен жабдылган, жүктүн ар бир ящиги кагазга оролгон.

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

"Москвада мөмө-жемишти Айыл чарба министрлиги бөлүштүргөн. Кайсы бир бөлүгү ВДНХга чейин жетип, павильондордун бирине коюлганын так билем. Тажик жүзүмүнөн чет элдик делегацияларга да ооз тийгизишкен. Буриевдин айтымында, жүзүмдүн кайсы бир сортторун Францияга да алып кетишкен", — деди Саидов.

Москвада мөмө-жемиш экспедициясынын катышуучулары бир кызык окуяга туш болушат. Алар СССРдин борборуна келгенден кийин кайдан келгендерин сурашат. "Тажикстандан, Ленин районундагы "Коммунизм" колхозунан, — деп жооп беришет меймандар.  — Эмне алып келдиңиздер?" - дейт москвалыктар. "Жүзүм, шабдалы, анар ("гранат")", — деп жооп беришет колхозчулар. Бул жооптон улам тосуп алгандардын жүзү эмнеге бозоро түшкөнүн дароо аңдай алышпайт алар. "Гранат? (анардын орусчасы – гранат)?" - деп сурап калды бирөөсү. Буриев жүктүн ичинде курал жок экенине ынандыруу үчүн ящиктерди ачып, анарды жара бөлүп: "Мына гранат!" — дейт. Москвалыктардын көбү анарды ошондо алгач ирет көрүптүр.

Олимпиадага мөмө-жемиш Өзбек ССРинен да, болгондо да эң мыкты сапаттагылары жөнөтүлгөн.

Спортчуларды саргайтып... Токиодо өтчү Олимпиада дагы жылышы мүмкүн

"Өзбекстан Олимпиадага жүзүмдүн, өрүк жана жашылча-жемиштин эң мыктысынан жөнөткөн, — деп эскерет Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитетинин башчысынын кеңешчиси Исмат Кучиев. Олимпиада убагында ал СССР КГБсында бул оюндардын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө иштеген.

"Мурда азык-түлүк Москвадагы "Узбекистан" соода үйүнө пландык мүнөздө ташып келинчү. Ал эми Олимпиада үчүн эң мыкты, катуу тандоодон өткөн азыктар сатууга эмес, түз эле Айыл чарба министрлигине (Минплодовощторгго) багытталган. Ал жактан бөлүштүрүлүп, бул мекеме аркылуу соода түйүндөрүнө түшкөн", — деди ал.

Азык-түлүктү поезд менен жеткиришкен. Ошол мөмө-жемиш вагону менен Бухарадан жаш балбан билетсиз Москвага чейин келгенин айтып калышат. "Бухарада белгилүү самбочу Юсуповдордун үй-бүлөсү жашайт, - дейт Исмат Кучиев. – Баары тең СССРдин спорт чеберлери. Ошолордун атасы жашылча-жемиш жүктөлгөн вагонго отуруп, Москвага чейин барган".

Айтмакчы, Олимпиаданы көрүүгө барыш деле татаал болгон. Каалоочулардын баарын эле эмес, ар облустан 10-15 кишиден гана алып барышкан.

"Москвага жолдомо ал кезде үлгүлүү ишке сыйлык катары эле, - деп эскерет Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Тарых институтунун мурдагы директору Равшан Абдуллаев.  – 10-12 кишиден турган биздин топ Комсомолдун ферганалык обкомунда түзүлгөн.

Бизди Москвадагы Олимпиадага жөнөтүшкөн, бир апта болдук ал жакта. Жабылыш салтанатына башка топ барган. Ар бир облустан орто эсеп менен 10-15 киши тандашкан. Натыйжада Өзбекстандан олимпиадалык оюндарга жалпы 100-150 чакты киши жиберилген, андан да көп болушу мүмкүн".

Мөмө-жемиштен тышкары Москвада Өзбекстандан келген официанттарга да талап өзгөчө эле. "Алар "интуристтик" (чет элден келген меймандар тейленчү мейманканада иштеген – ред. тактоосу) балдар болчу, - деп эскерет Исмат Кучиев. – Бүт дитин коюп иштегендери менен айырмаланчу алар. "Интуристтик" официанттар тамакты туура суна билген, чет тилдеринде сүйлөшкөн".

Олимпиадада союздук республикалардан ичимдиктер да алып келинген.

"Ачылыш жана жабылыш аземдеринде шарап абдан көп сунулган. Молдовалык, грузин, азербайжан шараптары бар эле. Коньяктар да коюлган. Армян коньягы болчу, - дейт тарыхчы Александр Никишин. – Баары абдан кылдат, катаал тандоодон өткөн".

Олимпиадалык оюндарга даярданууга бүткүл СССР боюнча ар кыл багыттагы көптөгөн ишканалар тартылган. Маселен, мейманканалардагы эмеректер Латвия ССРинен алып келинген. Атайын автотехника Украина, Латвия, Грузи жана Арменияда чыгарылган. Спорттук объектилердин бир тобундагы электрондук табло Украина ССРинен алынган.

Мыкты аттар жана таза аба

Кыргызстандан чыккан жылкыларга Улуу Ата Мекендик согуш учурунда эле баа беришкен. Мисалы, Борбордук Азиядан алып барылган аттар согуш талаасында пайдаланылган. Албетте Кыргыз ССРинде багылып, чоңойгон күлүктөр 1980-жылкы Олимпиадада дагы көңүл сыртында калган эмес. Алардын бири Ысык-Көлдөгү аткана ээсине алтын жана күмүш медалдарды утуп берген соң кайтып келген.

"Биздин аттар Ысык-Көлдөгү жылкы заводунда багылган. Мен ошол кезде эң мыкты деген аттардын бирин минип, жарышка түшкөм”, — деди 1980-жылдагы Олимпиададагы алтын медалдын ээси Александр Блинов.

Ысык-Көлдөгү № 54 жылкы заводунда багылган күлүктөр бир нече ирет гезит-журналдардын биринчи бетине чыккан. 22 ирет союз ичинде, эки жолу дүйнөлүк рекорд жараткан.

Кыргыз ССРи дүйнөлүк спорттун өнүгүшүнө дагы бир ири салым кошкон. Жер жүзүнүн ар кайсы жагынан мен-мен деген спортчулар уникалдуу машыгууларды өткөрүү үчүн Ысык-Көлгө келип турушкан. Себеби бийик тоолуу аймакта кычкылтек жетишсиз болуп, адам эмне кылса да, андан эки эсе аракетти талап кылат. Спортчулар климатка көнгөнгө чейин эле көп күч жумшап, мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган.

"Олимпиада-80дин алдында Советтер Союзунун бардык спортчулары Ысык-Көлгө келишкен. Көбүнчө жеңил атлеттер машыккан “Кажы-Сай” базасы өзгөчө популярдуу болгон. Азербайжан, Литва, Молдава, Латвия ССРинен спортчулар келчү. Өзгөчө климат жана бийик тоолуу аймакта чыдамкай болууга үйрөнүшчү. Машыгуулар тартиби ушунчалык так болгондуктан, эч ким бири-бирине тоскоолдук жаратпай, өз ылдамдыгы жана техникасын өркүндөтүп ээн-эркин иштей алган. Ошондуктан Кыргыз ССРи Олимпиадада бир нече алтын медаль алууга жетишкен", — деди Азия чемпионаттарынын байге ээси, эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Эстафета боюнча 1980-жылдагы Олимпиада чемпиону Николай Чернецкий дагы оюндардын алдында Ысык-Көлдө машыккан.

"Олимпиада алдында дээрлик ар бир пансионатта жеңил атлетчилер, мушкерлер, чебандестер жана башка спортчулар жашачу. Мен командам менен "Аврорага" барар элек. Анда машыгууга, жаратылыш сулуулугунан ырахат алууга жана ой топтоого бардык шарттар түзүлгөн. Машыгуулар абдан татаал болгондуктан, кийин Олимпиадада ийгиликке жете алдык деп ойлойм”, — деди спортчу.

Албетте Олимпиаданы Кыргыз ССРинде жашаган ар бир адам өз көзү мене көргүсү келчү. Бирок ага жолдомо мыктылардын мыктысына гана берилген.

Анткен менен ага иш боюнча барып калгандар дагы болгон. Мисалы, ошол маалда котормочу болуп иштөө үчүн чет тилдерди билгендер саналуу гана болчу. Андыктан бүткүл СССРден студенттерди чогултушкан. Алардын катарына фрунзелик Алмас Чукин дагы бар эле.

"Жай бою мен туристтерге Москва жөнүндө айтып берип жүргөндүктөн, абдан бат сүйлөп калгам. Кийин кимди кайсы жакка иштөөгө жиберүү боюнча чечим кабыл алынып жатканда мени азыркы тил менен айтканда VIP-отрядга жөнөтүштү. Анда Олимпиадага келген кадыр-баркттуу конокторду тоскондор иштечү”, — деди Чукин.

Баса, ал заманды көрүп калгандар кыргызстандыктардын меймандостугун айтып бүтө алышпайт. Биздикилер чет элдик конокторду таң калтыруу үчүн Олимпиада печенье, коньяк жана айтылуу "Арашан” бальзамын дагы ала барышкан.

Бегалиев: атактуу спортчулар жаштар менен тажрыйбасын бөлүшсө спорт өнүгөт

Абхазиянын "сүттүү" салымы

Олимпиадага Абхазиянын да салымы бар. Ал убакта бул өлкө Грузия ССРинин курамындагы автономдук республика болгон.

"Шаардык комитетте мен экономика жана өнөр жай жаатына жооптуу болчумун, - деп баяндайт россиялык окумуштуу жана жазуучу Александр Орлов-Кретчмер. 1976-1980-жылдары ал Сухум шаарындагы КПСС Шаардык комитетинин катчылык кызматын ээлеген.

- Мага Борбордук комитеттен телефон чалышты. Олимпиадачылардын тамак-аш боюнча маселеси бар экен, жардамдашуу жагы кандай болорун сурап калышты. Көйгөйдү тезинен чечүү керек эле. Маселе эмнеде экенин териштирип кирдим". Абхазияда ошол убакта эки олимпиадалык база болгон. Бири Төмөнкү (Нижний) Эшерде, экинчиси Леселидзеде жайгашкан.

"Леселидзе базасын сүт азыктары менен Сочи камсыздаган, - деп эскерет Александр Орлов-Кретчмер. – Бирок Сочинин азык-түлүк менен камсыздоо сапаты Сухумга караганда бир топ төмөн эле.

Комбинаттын директорун чакырттым. Анан биз базага сыр, балмуздак тапшыра баштадык. Биздин балмуздактын даамдуулугун айтпаңыз! Сыр дагы – үй азыгы, сулугуни. Ошентип Абхазия Олимпиада-80ге ушундай "сүттүү" (цитрустук эмес) салым кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0