Месси карьерасындагы 700-топту киргизди

© REUTERS / Albert GeaИспаниянын "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси
Испаниянын Барселона клубунун футболчусу Лионель Месси  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы аргентиналык футболчу "Барселона" командасында жүргөндө каршылашынын дарбазасына 630 топ киргизген.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси өз карьерасындагы 700-голун киргизди. Бул туурасында Россия-24 каналы клубдун Twitter аккаунтуна таянуу менен билдирди.

Месси Испания чемпионатынын 33-турундагы оюндун 50-мүнөтүндө пенальти тээп атаандашынын дарбазасына топ киргизген. Бул күнү "Барселона" Мадриддин "Атлетико" клубуна каршы ойноп 2:2 эсебинде тең чыкты.

Тепкен тобу жаздым кетпей. Месси карьерасында дагы бир рекорд жаратты

33 жаштагы аргентиналык спортчу "Барселонада" жүргөндө 630 голду камсыздаган, ал эми улуттук командасында ойногондо каршылашынын дарбазасына 70 жолу топ киргизген.

Месси "Барселона" командасына 2004-жылы келип, ушул кезге чейин үзгүлтүксүз ойноп келет. Мунун аралыгында ал он чемпиондук титул жана алты жолу Испания кубогуна ээ болгон. Муну менен эле чектелбей, Чемпиондор лигасын төрт ирет жеңип, алты жыл "Алтын топ" алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0