Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоUFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко АКШлык актриса Холли Берри менен тасма тартуу учрунда. Архив
UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко АКШлык актриса Холли Берри менен тасма тартуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Шевченко аталган тасмада терс роль аткарып, башкы каарман Холли Берринин атаандашы болот.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко тартылган Bruised ("Сабалган") тасмасы Канада өлкөсүндө өтүүчү Торонто эл аралык кинофестивалында (TIFF2020) көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссеру, АКШлык актриса Холли Берри өзүнүн instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halle Berry (@halleberry)

"Менин режиссердук дебютум быйыл TIFF2020 (Toronto International Film Festival) кинофестивалында көрсөтүлөт экен. Муну коомчулукка жар салып, аябай толкунданып турам. Сентябрда көрүшөбүз", — деп жазган режиссер.

Аталган тасма былтыр декабрь айында тартылып бүткөн. Валентина Шевченко аталган фильмде терс роль аткарып, башкы каарман Холли Берринин атаандашы болот.

53 жаштагы Холли Берри роль жаратып жаткан учурда Шевченконун соккуларынан сөөктөрү сынганын да айтып берген.

 UFC боюнча Кыргызстандан чыккан чемпион Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баштадым! Валентина Шевченконун маңдайы жарыла сүйүнгөн сүрөтү
Фильм Жеки аттуу мушкер кыз (Холли Берри өзү ойнойт) тууралуу. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0