UWW уюму Кыргызстан жана Айсулуу Тыныбекова тууралуу видео жарыялады

© Sputnik / Абзал КалиевЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону боло алган биринчи кыргызстандык. Финалдык таймашта ал ошол убактагы чемпион, болгариялык спортчу Тайбе Юсейн менен ат салышкан. Мелдеш 5:3 эсеби менен аяктаган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Интернетте Кыргызстан жана спортчу Айсулуу Тыныбекованын 2019-жылы кантип күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгондугу тууралуу видео тарады. Аны UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

"Кыргызстанга келсеңер, кызыктуу нерселерди табасыңар. Мында боорукер, акыл-эстүү жана максатына берилген адамдар жашайт. Балдар кичине кезинен баштап күрөш эр жүрөк жана кайраттуулардын спорту экенин билет", — деп айтылат видеонун башында.

Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону боло алган биринчи кыргызстандык. Финалдык таймашта ал ошол убактагы чемпион, болгариялык спортчу Тайбе Юсейн менен ат салышкан. Мелдеш 5:3 эсеби менен аяктаган.

Кийин Айсулуу бул жеңишин Кыргызстанга арнаганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0