Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандык мушкер Рафиаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафиаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен кыргызстандык спортчу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) алкагында үчүнчү ирет октагонго чыгып жатат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Рафаэль Физиев Абу-Дабиде (БАЭ) кезектеги беттешүүгө чыгат. Бул тууралуу MMA Junkie спорттук порталы жазды.

Аталган турнирдин Абу-Дабидеги Яс жасалма аралында 18-июлда өтөрү айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marcel Dorff (@bigmarcel24)

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Чемпион чемпионго каршы... Нурмагомедов менен Гэтжинин беттешчү күнү айтылды
Физиевдин каршылашы Костолом деген каймана аты бар англиялык мушкер Марк Диакисе экени белгилүү болду. Ал буга чейин 14 беттешин жеңиш менен аяктап, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ушуну менен кыргызстандык спортчу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) алкагында үчүнчү ирет октагонго чыгып жатат.

Нео каймана аты бар Рафаэль Физиев UFC уюмунда алгачкы ирет өткөн жылдын апрелинде Санкт-Петербургда өз күчүн сынаган. Ал турнирде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин октябрда бразиялык Алекс Уайтты жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0