Мушкер Алтынбек Мамашовдун кийинки турнири жана атаандашы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер аралаш мушташ боюнча турнир учурунда. Архив
Мушкер аралаш мушташ боюнча турнир учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча турнир 11-июлда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул Мамашовдун жыл жаңыргандан берки алгачкы беттеши болмокчу.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов ACA 106 турниринин алкагында россиялык Василий Курочкин менен күч сынашат. Бул тууралуу аталган спорттук компаниянын Instagram баракчасында жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Аралаш мушташ боюнча турнир 11-июлда Россиянын Санкт-Петербург шаарында болот. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченде кармашат.

Октагондо "Золотой" каймана аты бар Алтынбек Мамашов соңку кармашын былтыр 29-ноябрда Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде өткөрүп, казакстандык Гойти Дазаевди сулата чаап, көпчүлүктү таң калтырган. Жалпысынан 15 турнирге катышып, бирөөндө гана утулуп калганы маалым.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Ал эми россиялык атаандашы 20 кармаштын 15инде жеңүүчү аталган.

ACA — Ахматтын абсолюттук чемпионаты уюму дүйнө жүзүндөгү промоушендердин ичинде экинчи орунда турары Мma-oracle сайтында жазылган. Мындай рейтингге жетиши мурдагы эки уюмдун бир компанияга бириктирилишине байланыштуу. Биринчи сапта адаттагыдай эле UFC орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0