Ыңгайсыз болуп турам. Валентина эжеси Антонинаны колдогон сөздөрүн жазды

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоUFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив
UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антонина сиңдиси Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралында кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы (57 кг) чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN 9 турниринде Кэтлин Чукагянга утулган эжеси Антонинаны колдоого алды. Ал билдирүүсүн Twitter-аккаунтуна жазды.

Бүгүн эртең менен болгон беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

"Кандай гана болбосун, сени жакшы көрөм, менин сүйүктүү эжем! Сен мага эргүү, колдоо берген дүйнөдөгү эң кымбат адамымсың. Жаракатыма байланыштуу октагондун бурчунда туруп, сага колдоо көрсөтө албай калганыма ыңгайсыз болуп турам. Бирок ар дайым жаныңда болом", — деген Валентина.

Белгилей кетсек, эже-сиңди бир салмактан беттешке чыгышат. Бүгүн Антонина Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралындагы UFC 247 турниринде кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп, наамын коргоп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0