Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты

© REUTERS / Jeff BottariАнтонина Шевченко Кэтлин Чукагян менен беттеш учрунда
Антонина Шевченко Кэтлин Чукагян менен беттеш учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңилирээк салмак категориясында кармашкан кыздардын беттеши үч раундга чейин созулуп, убакыт бүткөндө жеңиш Антонинанын атаандашы Кэтлинге ыйгарылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC on ESPN 9 беттешинде утулуп калышы боюнча үн катты.

Шевченко бүгүнкү беттеште америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылып, ар кайсы ыкманы колдонуу менен мелдешти батыраак жыйынтыктагысы келди.

"ММА — спорттун оор түрү, бирок бул мен тандаган жол жана эми октагонго мындан да күчтүү болуп кайтам", — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Бул америкалык спортчунун 14-жеңиши, ал эми Антонина Шевченконун UFC мушташындагы экинчи ийгиликсиз беттешүүсү.

Белгилей кетсек, америкалык спортчу акыркы беттешинде Валентина Шевченкого утулуп калган. Анда кыргызстандык чемпион аны үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0