18:35 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
174 0 0

Быйыл өкмөт мамагенттиктин бюджетин тийиштүү берене менен 72 пайызга азайтат. Бул беренеде спортчуларды мелдешке даярдап, алып баруу жана дары-дармектер менен камсыздоо кирет.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Былтыр Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджети бир миллиард сомдун тегерегиндеги каражатты түзсө, анын 990 миллион сому коротулган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылы мамагенттик кызматкерлерге 393,2 миллион сом өлчөмүндө маяна төлөп берген. Бул жалпы чыгымдардын 40 пайызга жакын үлүшүн түзөт. Эл аралык мелдештерге даярданып, катышууга, фармакология, спорттук объектилердин ижара акысы, жаштар жана спорт тармагындагы иш-чараларды өткөрүү үчүн 388,7 миллион сом (39%) бөлүнгөн.

Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүү 7 пайызды (66,9 миллион сомду) түздү. Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжди капиталдык оңдоого 48 миллион сом (5%) бөлүнгөн.

Мындан тышкары алдынкы 214 спортчуга 35,4 млн. сом өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилген.

Ошондой эле 2019-жылы спорттук инвентарь, спортчулардын экипировкасын сатып алуу, спорттук объектилерди кармоого 32,5 миллион сом (3%) сарпталган. Коммуналдык кызматтар үчүн 25,3 миллион сом төлөнгөн.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, быйыл Мамагенттиктин бюджети 221-берене ("Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу") боюнча 72 пайызга, же 311,0 миллионго сомго азаят. Бул беренеде эл аралык мелдештерге даярданып, катышуусу, фармакология, спорттук объектилердин ижара акысы, жаштар жана спорт тармагындагы иш-чараларды өткөрүү чыгымдары каралган.

Тема боюнча

Спортко бөлүнгөн каражат 72%га кыскарышы мүмкүн. Кесепети
Белгилер:
бюджет, чыгаша, каржылоо, агенттик, спорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ