Конор Макгрегор америкалык боксчу Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алды

© AFP / Steve MarcusUFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык спортчу октагондо сокку техникаларына көбүрөөк басым жасайт. 2017-жылы бокс эрежеси боюнча америкалык Флойд Мейвезер менен рингде күчүн сынап, утулуп калган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык боксчу Оскар Де Ла Хойянын беттешүү чакырыгын кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазды.

Буга чейин Де ла Хойя CBS Sports агенттигине берген аудио маегинде Макгрегор менен бокс эрежеси боюнча кармашууга ниеттенип жатканын билдирип, беттеш эки раундга созуларын айтканы белгиленет.

"Мага Макгрегордун сегиз бурчтуктагы мушташканы жагат, аны сыйлайм, бардык беттешин көрөм. Бирок бокс ринги — таптакыр башка нерсе", — деген Де Ла Хойя.

Бул чакырыкка ирландиялык спортчу Twitter аркылуу жооп берген.

Отдал руку и проиграл — видео лучших побед в UFC приемом кимура - Sputnik Кыргызстан
Чалкасынан жыгып... UFC бөтөнчө жеңиштердин видеосун чыгарды
"Мен Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алдым", — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Профессионалдык рингде 47 жаштагы Де Ла Хойя 39 жеңишке жетип (30у нокаут), алты жолу утулган. Акыркы кармашын 2008-жылы өткөргөн. Ал бир нече версияда чемпиондук наамдарга ээ болгон.

Ал эми 31 жаштагы Макгрегор аралаш мушташта 22 мелдеш өткөрүп, анын төртөөндө жеңилүү ызасын таркан. 2017-жылы бокс эрежеси боюнча америкалык Флойд Мейвезер менен рингде күчүн сынап, утулуп калганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0