Антонина Шевченконун UFC турнириндеги беттеши болбой калды

© Sputnik / Александр ГальперинКыргызстандык мушкер Антонина Шевченко
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко 25-апрелдеги UFC турниринде америкалык Синтия Калвилло менен күч сынашмак. Спортчу кыздардын кармашы белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун Американын Линкольн шаарындагы UFC Fight Night 173 турниринин алкагында боло турчу беттеши өтпөй калды. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

Ал бул беттеште америкалык Синтия Калвилло менен күч сынашмак.

"Кечээ биз 25-апрелдеги UFC турнири өтпөй калганын билдик. Кармашка эки ай даярдандым. Колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Дүйнөдөгү абал жакында жакшырып, турнирлерден көрүшөбүз деп ишенем", — деген Шевченко.

Боец UFC Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
UFC Нурмагомедовдун ордуна Фергюсон менен чыкчу жаңы атаандаш тапты
UFC президенти Дана Уайт ЖМКларга берген маектеринде беттештер коронавирус пандемиясынан улам жылганын айткан.

Акыркы таймашында мекендешибиз чехиялык Люси Пудилованы утуп алган. Шевченконун куржунунда сегиз жеңиш бар, анын экөө дүйнөдөгү эң күчтүү делген лиганын алкагында болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченконун беттеши да жаракатына байланыштуу болбой калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0