Дана Уайт: UFC 249 турнири Хабибсиз өтөт

© AFP / Logan RielyUFC президенти Дана Уайт пресс-конференцияда. Архив
UFC президенти Дана Уайт пресс-конференцияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен мушкерлердин беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет өтпөй калып жатат. Бирде россиялык атлет, кийин америкалык спортчу жаракат алса, соңку беттешке пандемия себеп болду.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун президенти (UFC) Дана Уайт UFC 249 турниринде америкалык Тони Фергюсон менен беттеше турчу россиялык Хабиб Нурмагомедов аталган мелдешке катышпай турганын жар салды. Бул туурасында ал Twitter баракчасына жазды.

"Турнир өтөт, бирок анда Хабиб Нурмагомед күч сынашпайт. Мен катышуучулардын тизмесин эртең жарыялайм", — деп уюмдун президенти Twitter баракчасына жазды.

Россиядан чыккан UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов жалпы карьерасында канча акча тапканы айтылды
​Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши 18-апрелде Нью-Йоркто өтмөк. Бирок коронавируска байланыштуу шаардын бийлиги массалык иш-чараларды токтоткон. Мындан улам промоутерлик компания беттеш өткөрүүгө башка жерди издеп баштаган. Бирок 1-апрелде россиялык спортчу карантинге байланыштуу мекенинде калгандыктан, Фергюсон менен беттеши болбой калганы белгилүү болгон.

Ушуну менен мушкерлердин беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет жылдырылып жатат. Бирде россиялык атлет, экинчисинде америкалык спортчу жаракат алса, соңку беттешке коронавирус пандемиясы себеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0