Хабиб Нурмагомедов жалпы карьерасында канча акча тапканы айтылды

© REUTERS / Christopher PikeРоссиядан чыккан UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиядан чыккан UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер соңку кармашында америкалык Дастин Порьени уткандан кийин эң көп делген 6 миллион доллар гонорар алган.

БИШКЕК, 5-апр — Sputnik. Россиядан чыккан UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов баласы жалпы карьерасында канча каражат тапканын айтып берген. Ал ишкер Игорь Рыбаковдун YouTube-каналына маек берген.

"Анын байлыгы 100 миллион долларга чукулдайт. Дүйнөдө мындан дагы бай адамдар көп", — деген Нурмагомедовдордун улуусу.

Португалия курама командасы менен Ювентус клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды
Белгилей кетсек, 2019-жылы июль айында Forbes журналы Хабибди Россиядагы белгилүү жаш адамдардын (40 жашка чейин) рейтингинин сап башына чыгарган. Басылманын маалыматы боюнча, мушкердин бир жылдык кирешеси 11,5 миллион доллар.

Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча 28 беттеш өткөрүп, бир дагы жолу утулган эмес. Анын 12 кармашын UFC уюмунда өткөргөн. Соңку таймашында америкалык Дастин Порьени жеңип, промоутерлик компаниянын тарыхында эң көп делген 6 миллион доллар гонорар алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0