Лицензия алган спортчулар 2021-жылы болчу Олимпиадага эч тоскоолдуксуз катышат

© AP Photo / Anvar IlyasovЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 2020-жылы жайында болчу Олимпиада оюндарына лизенция алган спортчулар кийинки оюндарга кайрадан квалификациядан өтпөйт. Бул тууралуу AFP агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, мындай чечимди эл аралык спорт федерацияларынын жетекчилери видеоконференция өткөрүп жатып кабыл алган.

"Томас Бах алгач Олимпиада оюндарынын жылдырылган себебин түшүндүрүп, андан соң Олимпиада-2020 оюндарына лицензия алган спортчулар 2021-жылдагы оюнга автоматтык түрдө квалификацияланып каларын айтты", — деп жазылат маалыматта.

24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.

Эске салсак, Олимпиада оюндарына жалпы 11 миң спортчу катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0