Кыргызстандын спортчулары Олимпиадага обочо жерде даярданат. Сунушталган аймак

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПодготовка женской сборной по вольной борьбе к Олимпийским Играм
Подготовка женской сборной по вольной борьбе к Олимпийским Играм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи спортчулар Бишкекте деле машыга алышат, бирок коопсуздук жагынан алып караганда башка аймактар мыкты вариант болууда.

БИШКЕК, 23-мар — Sputnik. Кыргызстандык спортчуларды Токио Олимпиадасына даярдоо учурунда аларды элден обочо жайгашкан Ысык-Көлдөгү базаларда кармоо пландалууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Агенттиктин башчысы Канат Аманкулов спорттун түрлөрү боюнча федерация жетекчилери менен Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү менен жолуккан.

Жыйында коронавирус кырдаалында спортчуларды Олимпиадага даярдоо жолдору талкууланган.

Аманкулов белгилегендей, спортчулар Бишкекте деле машыга алышат, бирок коопсуздукту эске алганда Ысык-Көлдүн базалары мыкты вариант болуп саналат.

"Даярдык план боюнча кетиши керек. Бул айрымдар үчүн соңку Олимпиада, кээ бирлер үчүн биринчи. Республикалык штабга спортчуларды мелдешке обочо жерде даярдоону сунуштайбыз. Учурда бир нече спорттук база командаларга изоляциялык даярдыкка шарт түзүп берүүгө даяр. Бул бүгүнкү күндө оптималдуу вариант", — деген ал.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов 22-мартта Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу комитетинин кезексиз жыйыны болгонун билдирген. Анда уюштуруучу тарап төрт жуманын ичинде бул маселени чечүүгө план койгон. Ал ошондой эле Эл аралык олимпиада комитетинин сурамы менен кыргызстандык спортчулардын даярдыгы тууралуу маалымат берип турарын кошумчалаган.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Санитардык тазалоо жасап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Гансидеги" карантиндик жайдын шартына нааразы болгондорго министрлик жооп берди
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен облусунан. Эки адамдын абалы оорураак деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады. Мындан улам өлкөдө эл турмушуна өтө зарыл мекеме, кызматтардан тышкаркылар абал жакшырганга чейин ишин токтотушту.

Өлкө аймагында ушу тапта абал кандай экенин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляцияга көз салыңыз

Жаңылыктар түрмөгү
0