Бети-башы көгала! UFC жылдызы Енджейчик беттештен кийин жүзүн көрсөттү. Видео

© AFP / Harry HowПольшалык мушкер кыз Жоанна Енджейчик
Польшалык мушкер кыз Жоанна Енджейчик  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-мартта болгон беттеште мушкер кыздар ММА тарыхындагы эң кызуу кандуу кармаштардын бирин тартуулашкан. Анда мушкерлер бири-бирине соккуларды көп узаткандыктан беттери шишип кеткен.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Польшалык мушкер кыз Жоанна Енджейчик UFC 248 турниринде кытайлык чемпион Вэйли Чжан менен беттешкенден кийинки жүзүн биринчи жолу көрсөттү.

Видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Fight Library (@fightlibrary)

8-мартта болгон беттеште кыздар ММА тарыхындагы эң кызуу кандуу беттештердин бирин тартуулашты. Анда мушкерлер бири-бирине соккуларды көп узаткандыктан беттери шишип кеткен. Бөтөнчө Енджейчиктин чекеси дөмпөйүп калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sport_News (@sport.adsn)

"Мен Польшада үйүмдөмүн. Бетимде жана төшүмдө көгөргөн жерлерим көп. Шишиктер аздан тарап жатат, өзүмдү жакшы сезип калдым", — деген Енджейчик.

Ошондой эле спортчу көчөдө эжеси менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал көз айнек тагынып, кепка кийгендигине карабай беттериндеги көктөрү даана байкалып турганын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Joanna Jedrzejczyk (@joannajedrzejczyk)

Лас-Вегаста өткөн UFC 248 турниринде Енджейчик кытайлык Чжанга калыстардын чечими менен утулуп, чемпиондук кур тагына алган эмес.

Белгилей кетсек, Енджейчик кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун мурдагы атаандашы. Шевченко польшалык спортчуну 2018-жылы уткандан кийин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0