Кыргызстанда үч ири жарыш башка күнгө жылдырылды

Жазылуу
Быйылкы жазда үч ири спорттук иш-чара өткөрүү пландалган. Бирок өкмөттүн чечимине байланыштуу марафондорду жылдырууга туура келди.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Коронавирус кооптуулугунан улам Кыргызстанда өтө турган үч ири жарыш башка күнгө жылдырылмай болду. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Nomad Sport коомдук бирикмесинин өкүлдөрү билдирди.

Жарыш жазында өтүшү керек болчу, бирок өкмөт маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды уюштурууга убактылуу чектөө киргизген.

"Бакай Банк Жаз Деми" май-июнга, "Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарышы июнь-июлга, Toyboss Night Run түнкү жарышы июль-августка жылды", — дешти уюштуруучулар.

Мындан сырткары, велоспорт боюнча жазгы турнир дагы 27-сентябрда өтмөй болду. Бардык иш-чарага каттоо иши уланууда. www.nomadsport.net сайты аркылуу кошумча маалымат алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0