Махмудов, Сулайманов, Шаршенбеков... Балбандар Россияда машыгууда

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanБорец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков
Борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сочидеги машыгууга Кыргызстандан 12 балбан кеткен. Спорт агенттиги алар Токиодо өтө турчу Олимпиаданын лицензиялык турнирлерине даярдык көрүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы лицензиялык мелдештерге даярдык көрүү үчүн Россияда машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, 6-мартта башталган машыгуу 18-мартка чейин уланат. Турнирлерге даярдык Сочидеги "Весна" спорт базасында болуп жатат.

Машыгуу өткөрүп жаткан спортчулардын тизмеси:

  • Калы Сулайманов — 60 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
  • Марлен Асыкеев — 67 кг;
  • Халмурат Ибрагимов — 67 кг;
  • Амантур Исмаилов — 67 кг;
  • Ренат Ильяс уулу — 77 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев — 77 кг;
  • Акжол Махмудов — 77 кг;
  • Атабек Азисбеков — 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
  • Мурат Рамонов — 130 кг;
  • Роман Ким — 130 кг.

Балбанды машыктыруучулар Улукбек Карачолоков менен Азат Эркимбаев коштоп кеткен.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0