Айсулуу Тыныбекова учурда кайсы мамлекетте машыгып жатканы айтылды

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаТрехкратная чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова
Трехкратная чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан кыз акыркы мелдешин Индияда чоңдор арасындагы Азия чемпионатында өткөрүп, коло байге тагынган. Учурда мелдештерге даярдык көрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандык балбан кыздар Москвада машыгуу өткөрүп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу
Ага ылайык, 1-мартта "Озеро Круглое" спорттук базасында башталган машыгуу 14-мартта жыйынтыкталмакчы.

Москвага Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы барган. Балбан кыздар машыктыруучу Нурбек Изабековдун кол алдында.

Спортчу кыздар акыркы мелдешин Индияда чоңдор арасындагы Азия чемпионатында өткөрдү. Анда Медет кызы күмүш байге багындырса, Тыныбекова коло медаль тагынган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0