Кыргызстандык спортчулар коронавирус катталган өлкөлөргө жөнөтүлбөйт

Жазылуу
Спорт агенттигинин облустук башкармалыктарына спорттук объектилерде, анын ичинде мелдештерди жана машыгууларды өткөрүү жайларында санитардык эрежелерди сактоо боюнча тапшырма берилген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөргө мелдеш жана машыгууларга жиберилбейт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

"Ооруну жуктуруунун алдын алуу максатында коронавирус катталган мамлекеттердеги спорттук иш-чараларга жана окуу машыгууларга атлеттер жөнөтүлбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Токиодо боло турчу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Токиодогу Олимпиада көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн
Ошондой эле Мамагенттиктин облустук башкармалыктарына бардык спорттук объектилерде, анын ичинде мелдештерди жана машыгууларды өткөрүү жайларында санитардык эрежелерди сактоо боюнча тапшырма берилген.

Массалык турнирлерди өткөрүү Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык мекемелери менен макулдашылып турары кошумчаланды.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0