Мээлеп барып тумшукка бир урду. UFC мушкеринин нокауту видеодо

© AP Photo / Gregory PayanUFC Fight Night в Бостоне
UFC Fight Night в Бостоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча турнир 29-февралга караган түнү Англиянын Норфолк графтыгында өткөн. Мушкерлер октагон ичинде 57 килограмм салмакта беттешкен.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бразилиялык мушкер Дейвисон Фигейреду мекендеши Жозеф Бенавидести UFC Fight Night 169 турниринин алкагында нокаутка кетирип утуп алды.

​Беттеш 29-февралга караган түнү Англиянын Норфолк графтыгында өткөн. Мушкерлер октагон ичинде 57 килограмм салмакта беттешкен.

​Кызыгы, кармаштын экинчи раундунда Фигейреду Бенавидести оң колу менен мээлеп барып тушмукка урганын көрүүгө болот. Андан соң кулап түшкөн атаандашына бир нече ирет сокку узатканда рефери кармашты токтотууга аргасыз болгон.

Муну менен бразилиялык мушкер 18-жеңишин камсыздады. Аралаш мушташта бир гана ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми атаандашы Жозеф Бенавидес ММА боюнча 28 беттеште жеңүүчү аталып, 6 ирет утулууга дуушар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0