Бишкектеги кайрымдуулук жарышынын трассасын эл аралык адис текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый международный забег "Сохраним снежного барса" в Бишкеке
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыш 31-майда өтүп, күлүктөр бир, беш, 14 жана 21,1 чакырымдык аралыкка чуркайт. Марафон ак илбирсти сактоого көпчүлүктүн көңүлүн бурууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте өтө турган эл аралык Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышынын трассасын эл аралык адистер текшерет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири "Номад спорт" коомдук бирикмесинен билдиришти.

Трасса Эл аралык марафондор жана жарыштар ассоциациясынын (AIMS) сертификациясынан өтөт. Сертификациялоо ишин лицензиясы бар адис Сергей Корнеев 29-февралдан 1-мартка караган түнү жүргүзөт.

Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын күрөш боюнча лицензиялык турнири Кыргызстанда өтпөй калды
Жарыш 31-майда өтүп, күлүктөр бир, беш, 14 жана 21,1 чакырымдык аралыкка чуркайт.

Snow Leopard Run маршруту — Чүй проспектиси, Абдрахманов (Байтик баатыр) көчөсү, Масалиев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектиси. Корнеев Москва менен Шымкенттеги марафонду сертификациялоо боюнча тажрыйбасы бар. AIMS эгидасы боюнча 400дөн ашык мелдештер өтүп келет. Анын ичинде Бостон, Нью-Йорк жана Берлиндеги марафондор бар. AIMS сертификацияланган трассаларында көрсөтүлгөн жыйынтыктар Эл аралык жеңил атлетика боюнча федерация (IAAF) тарабынан таанылат.

Жарыштын уюштуруучулары эл аралык AIMS сертификатын алуу эл аралык жаңы деңгээлге чыгууга жол ачарын айтып, ак илбирсти сактоого көпчүлүктүн көңүлүн бурууга шарт түзөрүн белгилешти.

Сертификацияланган трасса эл аралык AIMS жарышынын календарына киргизилгендиктен, ал тууралуу көп киши биле алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0