Коронавирустан улам КРде өтө турган хоккей чемпионаты жылдырылды

Жазылуу
Буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси дагы жарыяланган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Шайба менен ойнолчу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты коронавирус кооптуулугунан улам май айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иши жана дене тарбия агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көптөрдүн өмүрүн алган коронавирус жайылып жаткандыктан, жарандардын коопсуздугу үчүн Кыргызстан чемпионаттын убактысын жылдырууну чечти.

Эске салсак, буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси дагы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0