Олимпиаданын күрөш боюнча лицензиялык турнири Кыргызстанда өтпөй калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКүрөшүп жаткан балбандар. Архив
Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир Кытайда өтмөк. Бирок коронавирустан улам Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тандап алуу беттештерин башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 2020-жылдагы Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча Кыргызстанда өтө турган турнир болбой калды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматта мындай кадам дүйнөдө жайылып жаткан коронавирустан улам жасалып жатканы айтылды. Агенттиктин жетекчиси Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн ыкчам жыйында бир катар спорттук иш-чаралардын мөөнөтү жылдырылган.

Эскерте кетсек, аталган турнир Кытайда өткөн. Бирок коронавирустан улам Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тандап алуу беттештерин башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алып, Кыргызстанды тандап алган. Мелдеш 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөк. 

Жаңылыктар түрмөгү
0