Кыл чайнашып… Нурмагомедов менен Фергюсондун маалымат жыйыны качан болору айтылды

© AP Photo / John LocherБоец UFC Тони Фергюсон
Боец UFC Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки спортчу 19-апрелде Нью-Йорктогу UFC 249 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн беттешет. Бул жолу россиялык мушкер чемпиондук курун коргоп калуу үчүн жан үрөйт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттешке чейинки маалымат жыйыны 6-мартта өтөт. Бул туурасында Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) Twitter баракчасында жазылды.

Иш-чара Лас-Вегастагы T-Mobile Arena спорттук аянтчасында өтөт. Анда мушкерлер күйөрмандар менен журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Эки спортчу 19-апрелде Нью-Йорктогу UFC 249 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн беттешет. Бул жолу россиялык мушкер курун коргоп калуу үчүн жан үрөйт.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов менен Фергюсон буга чейин төрт ирет беттешүүнү пландап, бирок ал ишке ашпай калган.

Хабиб канча беттештен кийин карьерасын токтоторун атасы айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Хабиб канча беттештен кийин карьерасын токтоторун атасы айтып берди. Видео
Тагыраагы, Хабиб 2014-жылы тизесинен жаракат алып Тони менен октагонго чыкпай калат. 2016-жылы эки мушкердин мелдеши кайрадан уюштурулуп, бирок бул ирет америкалык мушкер жаракат алганына байланыштуу өтпөй калган. 2017-жылы 4-мартта Лас-Вегаста россиялык мушкер UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турган Тони Фергюсон менен кайрадан беттешери айтылат. Бирок кармаш алдында Хабибдин абалы начарлап турнирге катышпай калат. 2018-жылы апрелде россиялык мушкер кайрадан Тони Фергюсон менен чемпиондук наам үчүн беттешери жар салынат. Бирок америкалык спортчу бутунан жаракат алганын айтып, кечирим сураган. Хабиб анын ордуна Эл Яквинта аттуу мушкер менен октагондон күч сынашып, калыстардын чечими менен утуп, алгачкы ирет UFC уюмунун чемпиондук курун тагынат.

Андан кийин россиялык мушкер ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьени утуп, наамын эки ирет коргогон.

Ал эми Тони Фергюсон Хабибдин дивизионундагы "эң кооптуу" мушкерлердин бири. Ал 2013-жылдан бери жеңилүү ызасын тарта элек. Аралаш мушташ боюнча жалпысынан 25 беттешти утуп, үч ирет утулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0