Мелдеш Ухандан Амманга жылган. КР боксчулары лицензиялык турнирге катышат

Жазылуу
Токио Олимпиадасына лицензия бере турчу чемпионат Кытайдын Ухань шаарында февраль айынын башында болмок. Бирок уюштуруу комитети коронавируска байланыштуу башка жакка жылдырууну чечкен.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Турнирдин жыйынтыгы менен спортчуларга Токио Олимпиадасына жолдомо бериле турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп
Азия чемпионаты 29-февралдан 12-мартка чейин Амман (Иордания) шаарында өтмөкчү. Эске сала кетсек, бул лицензиялык турнир Кытайдын Ухань шаарында 3-15-февраль күндөрү болмок, бирок коронавируска байланыштуу башка жакка жылдырылмай болгон. Анын өтө турчу жери аныктала элек болчу.

Учурда кыргызстандык спортчулар Иорданияга барып, машыгуу өткөрүп жатканы айтылды.

Азия чемпионатына катыша турчулардын тизмеси:

  • Азат Үсөналиев — 52 кг;
  • Акылбек Эсенбек уулу — 57 кг;
  • Арген Кадырбек уулу — 63 кг;
  • Нурсултан Маматалы уулу — 69 кг;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу — 75 кг;
  • Эркин Адылбек уулу — 81 кг.

Ошондой эле курама команданы машыктыруучулар Жылдызбек Ниязалиев, Ильяс Маров жана Данияр Жусубалиев менен дарыгер Элнура Токтогулова коштоп барат.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0