FIFA Мьянма командасын Кыргызстанга атайылап утулуп берген деп шектенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Мьянма футбол оюну. Архивдик сүрөт
Кыргызстан — Мьянма футбол оюну. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, FIFA уюмунун өкүлдөрү Мьянмага барып Кыргызстанда ойноп кеткен футболчулар менен аңгемелешкен.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Футбол федерациясынын эл аралык ассоциациясы (FIFA) Мьянма командасы Кыргызстан менен болгон беттеште жең ичинен сүйлөшүп алган деп шектенүүдө. Бул туурасында Associated Press агенттиги жазды. 

Өткөн жылдын октябрь айында футбол боюнча улуттук команда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мьянманы 7:0 эсеби менен жеңип алган. Бул Кыргызстандын 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандап алуу турундагы биринчи жеңиши болгон.

ЖМКнын билдиришинче, FIFA уюмунун өкүлдөрү Мьянмага барып футболчулар менен аңгемелешкен.

"Биз бул ишти тергеп жатабыз, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Эгер кандайдыр бир спорттук манипуляцияга тиешелүү жагдайлар аныкталса, катуу жаза каралган. FIFA жакында эле ушундай учурда беш жылга чейин оюнга чыгууга тыюу салган айып эрежесин киргизген", — деп айтылат футбол уюмунун билдирүүсүндө.

Футбол. Тренировка ФК Порто - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын клубу Кыргызстандагы оюнга коронавирустан кооптонуп келбей койду
Мьянманын Футбол федерациясынын башкы катчысы Ко Ко Тейн "Франс Пресс" агенттигине иликтөө боюнча комментарий берип, бул окуянын иликтенишине ынтызар экенин айткан.

"Мьянма бул окуянын ачык-айкын иликтенишин күтүп жатат. Биз тергөө менен толук кызматташууга даярбыз", — деди ал.

Ал эми Кыргызстандын футбол союзу бул иликтөө боюнча Эл аралык футбол федерациясы кайрылбаганын билдирди.

Белгилей кетсек, жеңилүү ызасын тарткандан кийин Мьянманын Футбол федерациясынын башкы машыктыруучусу алмашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0