Айпери Медет кызы Индияда Азия чемпионатынын финалына чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чемпионаттын учурунда. Архив
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чемпионаттын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет. Финалга чыгуу үчүн казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, атаандашын 4:1 упай эсебинде жер караткан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт. Бүгүн турнирдин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдын беш топтому ойнотулат.

Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет.

Кыргызстанский борец Ильяз Ренат уулу  - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатындагы биринчи байге! Ильяз Ренат уулу коло медаль утту
Спортчу биринчи кармашында өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы 11:0 эсебинде жеңген. Тайпалык баскычтын экинчи турунда өзбекстандык балбан япониялык Хирое Минагаве Сузукиге утулуп калган. Натыйжада Сузуки менен Медет кызы жарым финалга чыккан.

Тайпалык баскычтын үчүнчү турунда кыргызстандык спортчу дүйнөнүн вице-чемпиону Минагава Сузуки менен кармашып, ага 0:3 эсебинде жеңилип калган. Анткен менен экинчи орунду алганы үчүн жарым финалга чыга алган. Бул үчүн ал казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, атаандашын 4:1 упай эсебинде жер караткан.

Медет кызы алтын үчүн кармашта кайрадан япониялык Минагава Сузуки менен жолугат.

Кечээ грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргызстандык спортчулар Азат Салидинов менен Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким коло тагынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0