UFC чемпиону Шевченко мөөнөтүнөн эрте октагонго кайтмай болду. Атаандашы ким

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко соңку беттешин эки жума мурда эле өткөрүп, чемпиондук наамын коргоп калган. Дарыгерлер турнирден кийин аны жарым жылга мелдештерден четтеткен болчу.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 6-июнда UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык Жоанн Калдервуд менен беттешет. Бул туурасында ESPN телеканалы жазды.

Порталдын маалыматына ылайык, эки тарап тең беттеш өткөрүүгө макулдугун берген. Мушкер кыздар 57 килограмм салмакта чемпиондук наам үчүн кармаш өткөрүшөт. Тагыраагы, кыргызстандык спортчу наамын коргомокчу. Атаандашы Калдервуд жеңил салмактагылардын рейтингинде үчүнчү орунду камсыздап турат.

Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Холли Берри тарткан тасмада Шевченко кимдин ролун аткарат?
UFC бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Айрым маалымат булактары турнир Австралияда болушу мүмкүндүгүн айтышкан.

Белгилей кетсек, Шевченко соңку кармашын ушул жылдын 8-февралында Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында өткөрүп, америкалык Кэтлин Чукагянды нокаут менен утуп алган. Муну менен мушкер наамын үчүнчү ирет коргоп калган.

Турнирден кийин Атлетикалык комиссиянын эрежеси менен дарыгерлердин комиссиясы Шевченкону жарым жылга октагондон четтеткен. Чет элдик ЖМКлар спортчу үчүн бул чоң тыныгуу экендигин жазышкан болчу.

Учурда Шевченконун эмне себептен кайра аз убакыттан кийин эле кайтмай болгону айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0