Кыргыз күрөштүн балбандары Көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет

Жазылуу
Өлкө чемпионаты 1-2-март күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Анда республиканын чар тарабынан келген балбандар жети салмак категорияда күч сынашмакчы.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор калаада кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өткөрүлөт. Мелдештин жыйынтыгы менен Көчмөндөр оюндарына катыша турчулар аныкталарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 1-2-март күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү. Анда республиканын чар тарабынан келген балбандар жети салмак категорияда (55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограмм) күч сынашат.

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Эрдоган телефондон Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү талкуулады
Турнир спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция менен Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Эске салсак, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө үчүнчү жолу уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган. Мелдеш Бурса аймагында өтөт, бирок убактысы так айтыла элек.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына кыргыз улуттук спортунун жети түрү киргизилген. Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0