Акжол Махмудов 11 айлык тыныгуудан кийин Россиядагы турнирге катышмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Махмудов былтыр мартта футбол ойноп жаткан учурунда бутунан жаракат алып, Германиянын Кёльн шаарына барып операция жасаткан. Ошондон бери ден соолугун калыбына келтирүү менен алектенген.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Белгилүү балбан Акжол Махмудов бир жылдык тыныгуудан кийин спортко кайтып, Россиядагы эл аралык турнирге катышмай болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Трехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова биринчиликти берген жок. UWW рейтинги жаңыланды
Эске сала кетсек, 2019-жылдын март айынын башында Махмудов футбол ойноп жаткан учурунда бутунан жаракат алып, Германиянын Кёльн шаарына барып операция жасаткан. Ал жакка маал-маалы менен барып ден соолугун калыбына келтирип турган. Ошол убакыттан бери бир дагы мелдешке катыша элек болчу.

Спорт агенттигинин маалыматына ылайык, Махмудов 14-16-февраль күндөрү Россиянын Новокузнецск шаарында боло турган эл аралык турнирге катышат. Мелдеш олимпиада чемпиону Валентин Олейниктин элесине арналып өткөрүлөт. Кыргызстандык балбан килем үстүндө 77 килограмм салмакта кармашат.

Турнирге катыша турчу курама команданын тизмеси:

  • Балбай Дордоков — 55 кг;
  • Калы Сулайманов — 63 кг;
  • Рустам Тейишов — 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов — 67 кг;
  • Эрбол Бакиров — 67 кг;
  • Кайрат Түгөлбаев — 77 кг;
  • Акжол Махмудов — 77 кг;
  • Атабек Азисбеков — 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
  • Мурат Рамонов — 130 кг.
Жаңылыктар түрмөгү
0