Ар ким өз иши үчүн жоопкер! Месси спорт директору менен араздаша кетти

© REUTERS / Albert GeaФутболист Лионель Месси
Футболист Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Барселонанын" жылдызы Лионель Месси клубдун спорт директору Эрик Абидалга нааразы болуп, ар ким өз чечимине жооп бериши керектигин айтты.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Барселона" футбол командасынын белгилүү чабуулчусу Лионель Месси аталган клубдун спорт директору Эрик Абидаль менен араздаша кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Пари-Сен Жермен клубунун оюнчусу Неймар - Sputnik Кыргызстан
Күйөрмандар таштанды ыргытып Неймардын айласын кетиришти. Видео
Мааламытта Абидаль испандык Diario Sport басылмасына берген маегинде клубдун мурдагы машыктыруучусу Эрнесто Вальвердени футболчулардын нааразылыгынан улам жумуштан кетиришкен деп билдирген болчу.

Эскерте кетсек, январдын ортосунда "Барселона" Вальверденин ордуна Кике Сетьенди алып келген. Шейшемби күнү каталондук клубдун спорт директору жана экс-оюнчусу Абидалдын айтымында, Вальвердеге нааразы болгон айрым футболчулар көңүлү келбестен ойноп, ошондой эле оюнчулардын ортосундагы байланыш анча жакшы болгон эмес.

"Чын-чынына келгенде мага мындай нерселер жакпайт, бирок ар ким өзүнүн иши жана чечимдери үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышы зарыл. Оюнчулар жөнүндө сөз кылганыңызда анык бир аттарды аташыңыз керек. Антпесеңиз, ар бирибизге сөз тийгизип, чындыкка дал келбеген имиштерге жем таштап жатасыз", — деп жазды Месси Instagram баракчасында.

Эрик Абидаль — франциялык футболчу, учурда каталондук клубда спорт директорунун кызматын аркалайт. "Барселонанын" курамында Чемпиондор лигасын эки жолу жеңгенге жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0