Акжол Сулайманбек уулу WBO International чемпиондук наамы үчүн беттешет

© Sputnik / Светлана ФедотоваКыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу. Архив
Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессионалдык бокс боюнча турнир 7-мартта Екатеринбургда болот. Анда Сулайманбек уулу россиялык Марк Урванов менен 12 раунддук кармаш өткөрөт.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу WBO (Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму — ред.) International чемпиондук наамы үчүн беттеш өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштурган RCC Boxing Promotions компаниясынын ВКонтакте баракчасында айтылат.

Профессионалдык бокс боюнча турнир 7-мартта Екатеринбургда болот. Анда Сулайманбек уулу россиялык Марк Урванов менен 12 раунддук кармаш өткөрөт.

Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Кийимден тартып, көтөрүп чаап... Дзюдо боюнча КР чемпионатынан 12 сүрөт
Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокска аралашкандан бери 15 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. Эки жыл мурда Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болуп, аны төрт ирет коргоп калган.

Урванов WBO International чемпиондук курун былтыр ноябрда тагынып, өз салмагында дүйнөдөгү күчтүү 10 боксчунун катарына кирген. Рингде 17 беттеште жеңишти камсыздап, эки ирет утулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0